БИЗДИН БРЕНДДАР

2024-жылдын 20-сентябрынан 22-сентябрына чейин “Риха” компаниясы Борбор Азиядагы биринчи аймактык “Органик Эскпо” – 2024 форумуна катышты

Форумга 10дон ашык өлкөдөн делегаттар, илимпоздор жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты, укуктук жөнгө салуу, органикалык продукцияны сатуу жана жайылтуу, ачарчылыкты жоюу жана калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, тамактанууну жакшыртуу, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн максаттары айыл чарбасы жана башкалар көтөрүлгөн.

Чакыруу үчүн Айыл чарба министрлигине ыраазычылык билдиребиз. @ayil_charba_kg
Ошондой эле форумду уюштургандыгы үчүн ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесине @oscebishkek ыраазычылык билдиребиз.

Иш-чаранын алкагында жарманке-көргөзмө болуп, анда Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү тармагында лидер болгон биздин компания өз продукциясын: колбаса, табигый эт, нан азыктары жана улуттук суусундук “Чалап” менен катышты.

Бардык конокторго жана сатып алуучуларга жылуу сын-пикир жана комментарийлери үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Биздин баракчага катталыңыз, биз сөзсүз түрдө бардык көргөзмөлөр, жарманкелер жана жарнамалык дегустациялар тууралуу алдын ала жарыялайбыз.

Үч күн бою жылуу маанай жана майрамдык маанай тартуулаган үчүн @talantshow_kg сынагынын катышуучуларына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.