БИЗДИН БРЕНДДАР

6-Эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү «Агропродекспо 2010»

Кожомкул атындагы спорт ордосунун залында “Агропродэкспо 2010” 6-эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү өтөт.
12-ноябрдан 16-ноябрга чейин 4 күн ичинде “Агропродэкспо-2010” VI көргөзмөсүнүн катышуучулары адистерге жана көргөзмөнүн конокторуна экономиканын бул тармактарында тамак-аш азыктарын, жаңы технологияларды жана жаңы продукцияларды өндүрүүдө жетишилген натыйжаларды көрсөтүшөт. .

Көргөзмөдө эт жана сүт азыктарынын, нан азыктарынын, жашылча-жемиш консерваларынын, балдын, чайдын, ширелердин жана башка көптөгөн күнүмдүк тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти коюлат.
«Риха» ЖЧК компаниясы көргөзмөгө өзүнүн белгилүү колбаса жана деликатес «Божан» брендин, ошондой эле «Дыйкан наны» нан азыктарынын брендин тартуулайт.

Заманбап талаптарга жооп берген, кыргыз рыногун атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку сапаттагы продукция менен камсыз кылган мыкты экспонаттары үчүн катышуучулар дипломдор жана алтын медалдар менен сыйланат.