БИЗДИН БРЕНДДАР

«РИХА» — эми расмий түрдө АДАЛ!

30 жылдан бери «РИХА» — бул сапаттын, ишенимдин жана үй-бүлөлүк салттын белгиси. Биз миңдеген үй-бүлөлөрдүн дасторконуна татыктуу эт азыктарын чын дилибизден, берилгендик менен даярдап келебиз.

Эми биздин бардык продукция АДАЛ талаптарына 100% жооп берет — бул Кыргыз Республикасынын Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан расмий күбөлүк менен тастыкталды.

Бул деңгээлге жетиш үчүн биз чоң жолду басып өттүк:
Ислам талаптарына ылайык 7 баскычтуу жууп-тазалоо жүргүзүлдү
Цехтердеги бардык жабдыктар жана линиялар АДАЛ стандарттарына ылайык ыңгайлаштырылды
Лабораториялык текшерүүлөр продукцияда чочконун ДНКсы такыр жок экенин көрсөттү (0%)
Ишканабызда кызматкерлер үчүн атайын намазканалар курулду
Натыйжада — расмий ХАЛАЛ КҮБӨЛҮГҮ тапшырылды

Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Абдухалим Абдылдаев ишканабызга келип, расмий күбөлүктү тапшырды жана командабызга ийгилик каалап, чоң ишеним арттырды.

Мындан тышкары, «РИХА» буга чейин эле ХАССП жана ISO 22000 эл аралык стандарттарына жооп берип келген. Эми болсо — ХАЛАЛ стандартына да толук шайкешпиз.

2024-жылдын октябрь айынан бери биз ар бир процессти кылдат көзөмөлдөп, жоопкерчиликтүү кадамдар менен алга жылдык. Бул биздин «Эң биринчиден — сапат!» деген урааныбызга шайкеш келчү эң маанилүү чечим болду.

«Риха» үчүн адал болуу — тренд эмес, кардарга болгон жоопкерчилик жана терең урмат.

Биздин жаңы доорубузга кош келиңиздер!
Эми «РИХА» — бул коопсуздук, сапат жана ХАЛАЛ ишеним.

«РИХА» — сапат менен, урмат менен, ишеним менен. Эми — ХАЛАЛ.
30 жыл рынокто
Өз тандооңуз боюнча кеңеш алуу үчүн бизге жазыңыз!