БИЗДИН БРЕНДДАР

Жакында жарыяланган «Риха» ЖЧКсынын өндүрүмү тууралуу видеого байланыштуу…

Жакында жарыяланган «Риха» ЖЧКсынын өндүрүмү тууралуу видеого байланыштуу биздин жамаат видеодо өндүрүмдөр туура эмес сакталганы жана жарактуулук мөөнөтү эбак өтүп кеткени ачык көрүнүп турганын билдирет. Ошондой эле видеодо тартылган күнү көрсөтүлгөн эмес, колбасанын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес,өндүрүмдү кайдан жана качан сатылып алынганы да көрсөтүлгөн эмес.
«Риха» ЖЧКсы тамак-ашты сактоодо бардык техникалык эрежелерди жана стандарттарды сактайт.

Биз рынокто 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатабыз жана ар бир керектөөчүгө дайыма кам көрүп, өндүрүмдөрүбүздүн жогорку сапатын жана коопсуздугун камсыз кылабыз.
Эскерте кетсек, ар бир колбаса азыктары таңгагында көрсөтүлгөн температуралык сактоо талаптарына жана жарактуулук мөөнөтүнө ылайык сакталышы керек. Продукциянын белгиленген стандарттарга жооп беришин камсыз кылуу үчүн биз өндүрүштүн жана сактоонун бардык этаптарын дыкат көзөмөлдөйбүз.

Видеодо дүкөн текчелерине жете албаган бузулган азыктар ачык көрүнүп тургандыктан, анын биздин өндүрүмдүн сапатына эч кандай тиешеси жок.

Сизден бурмаланган мазмунга ишенбөөнү жана ишенимдүү маалымат булактары менен гана байланышууну суранабыз.

түшүнгөнүңүздөргө жана колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!